• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматкерлери транспорт жана жер салыктарын натыйжалуу башкарууну үйрөнүштү

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражатына, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салыктын эсептелгендиги жөнүндө салык төлөөчүлөргө билдирүүлөрдү тапшыруу боюнча аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн көчмө окутуучу семинарларды өткөрдү.

Мүлк салыгын башкарууга жооптуу 151 кызматкер окутулду.

Семинарлардын катышуучулары "Мүлк" программалык модулунун ишиндеги акыркы өзгөрүүлөр менен таанышып, мүлк салыгы боюнча билдирүүлөрдү тапшыруунун натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүштү жана кырдаалдык маселелерди чечүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Алган тажрыйба салык органдарынын кызматкерлерине салык төлөөчүлөрдү натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле салыктардын так жана өз убагында эсептелишин камсыз кылууга жардам берет.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак жай, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) салык,

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Пикир

Оставить комментарий