Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания курган Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн турак жай алган теле кызматкери Сонунбүбү Кадырова 35 жылдан бери Бишкекти батирде жашап, үйлүү болууну өмүр бою кыялданып келгенин айтты.
"Кезинде 3-5 миң сом айлык алып иштечүбүз. Алган айлыгыбыз үй алмак тургай, күнүмдүк жашоого араң жетчү. Балдарым менен батирлеп, ал тургай вагондордо жашаган күндөрүбүз да болду. Кыштын суугунда көчөдө калган убактарыбыз да болгон. Суук өттүбү билбейм, айтор кызым бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ал өлүм алдында жатканга да, апа биз үйлүү болобузбу деп сурап жатты", - деди ал.
Сонунбүбү Кадырова качандыр бир кезде сөзсүз үйлүү болобуз деген үмүтүм бар болгонун айтты. "Акыры бир күн эл башчылыгына элим деген адам келерине бөркүмдөй эле ишенер элем. Бүгүн минтип үйлүү болуп отурам. Мамлекет башчысына чоң рахмат", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинен 549 батирдин ачкычы тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий