• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Элза Абдыкадырова масрестлинг боюнча эл аралык мелдештен алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын масрестлинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Элза Абдыкадырова Словакияда өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 65 кг чейинки салмак категориясында катышкан. Алгач канадалык атаандашын 2:0 эсебинде, экинчи венгриялык атаандашын 2:0 эсебинде уткан. Финалдык беттеште словакиялык спортучуну 2:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Белгиле кетсек, эл аралык мелдеш 18-19-август күндөрү өтүп, 12 өлкөдөн 74 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий