• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмдөө жумалыгы — Аймактарда көчмө бригадалар иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Эмдөө жумалыгынын алкагында өлкө аймактарында көчмө бригадалар жигердүү иш алып барууда.

Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, адистер профилактикалык вакциналарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адам алуусу үчүн эмдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле, алар калкка маалыматтык түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда 22-28-апрель күндөрү Европалык эмдөө жумалыгы өтөт.

Быйылкы жумалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эмдөө боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгына жана Кыргызстандагы улуттук иммунизациялоо программасынын 30 жылдыгына арналды.

Өнөктүктү КР Саламаттык сактоо министрлиги Европа Биримдигинин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коомунун колдоосу менен жүргүзүп жатат.

"Бул өнөктүк мүмкүн болушунча көбүрөөк кыргызстандыкка эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан кантип коргоп келгени тууралуу маалыматты жеткирүү максатын көздөйт", - деп белгилешти Республикалык иммунопрофилактика борборунан.

Пикир

Оставить комментарий