• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Мыйзам Эмгек кодекстин 427-беренесинин талаптарын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү иши боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р чечимин жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен Эмгек кодекстин 427-беренеси жаӊы редакцияда баяндалып, ага ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий