• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Садыр Жапаров Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын майрамдоого катышат

Президент 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышат.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир болжол менен саат 15:20да башталат.

Пикир

Оставить комментарий