Эмгек министри Баатырова Дүйнөлүк банктын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын социалдык коргоо жана жумуш орундары боюнча Европа жана Борбордук Азия региондорунун жетекчиси Паола Белли менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдиришти..

Жолугушууда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор, биринчи кезекте, чакан бизнести өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү талкууланды.

Жолугушууда министр президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контрактка кол коюлуп, аларга өз ишин ачууга 100 миң сом берилерин айтты. Эки жылдын ичинде долбоор өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Үстүбүздөгү жылы 20 миң адам республикалык бюджеттен жана 3 миң адам Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланат.

"Ошону менен бирге долбоорду кеңейтип, иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумушсуз катары катталган 1000 жаранга 100 миң сомдон берүүнү сунуштайбыз. Алар үчүн "социалдык контракт" программасынын башка катышуучулары үчүн да финансылык сабаттуулук боюнча окутуу уюштурулууга тийиш. Ошондой эле 500 ишкерге көмөк көрсөтүүнү жана "жашыл жумуш орундарын" ачуу үчүн 200 миң сомдон берип, аны пилоттук негизде ишке ашырууну сунуштайбыз", - деди ал.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Паоло Белли социалдык контракттын ишке ашырылышын жакырчылыкты жоюунун жакшы механизми катары белгилеп, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурула турган форумда тажрыйба алмашууну сунуштады.

Ошондой эле миссия калктын жан башына ИДП жогорулагандыгын белгилөө менен, Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөнүн категориясынан чыкканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий