• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Кривоносов көчөсү оңдоп-түзөө иштерине жабылат

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-июнунан тартып Бишкектин Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн тартып Тойгонбаев көчөсүнө чейин оңдоп-түзөө иштерине жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, оңдолуучу бөлүктүн узундугу 900 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзөт, ошондой эле сугат лотоктору орнотулуп, жолдун эки тарабынан туурасы 1,5 метрди түзгөн тротуарлар төшөлөт.

"Альтернативдик көчөлөр болуп Крылов жана Маликов көчөлөрү саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жол “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү"” долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытайдын грантынын эсебинен оңдолуп жатат.

Оңдоо иштерин ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий