• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги эки мектепте жаңы футбол аянтчалары ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепте жана Мурас-Ордо конушундагы №99 мектепте жаңы кичи футбол аянтчаларынын ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ачылыш аземге Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, БШКнын депутаттары Казыбек Эргешов, Максат Алымбеков, Мийзамидин Калыков, Таалайбек Сариев, Гүлназ Халилова, Улан Сариев, мектеп директорлору жана конуштун жашоочулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кичи футбол, волейбол, аркан тартыш, шахмат, армрестлинг, жеңил атлетика боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий