• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Эмгек министри Баткен облусундагы социалдык кызматтардын сапатын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында социалдык кызматтарды алуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жумушчу сапар учурунда мамлекет менен социалдык контракт түзгөн жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Ошондой эле Жылдыз Полотова майып чоңдор жана балдар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип, муктаждарга майыптар арабасын берди.

Министр Кадамжай жана Лейлек райондорунда медициналык-санитардык эксперттик комиссиялардын ишмердүүлүгүн, ошондой эле социалдык стационардык мекемелердеги жашоо сапатын текшерди.

Иш сапардын жүрүшүндө Жылдыз Полотова шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктар менен жумушчу кеңешмелерди өткөрүп, кызматкерлер менен жолугушууларда төлөмдөрдү дайындоонун жана социалдык кызматтарды алуунун даректүүлүгүн күчөтүү, кадрлардын потенциалын жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду. Эмгек министрлигинин башчысы социалдык коргоо үчүн кайрылгандарга аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө аймактык түзүмдөргө компьютердик техника жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий