• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министри: Энеликти мамлекеттик кызмат менен айкалыштырган аялдарды кубатташ керек

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө гендердик баалоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча отчеттун сунуштамаларынын негизинде Жогорку Кеңештин гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-аракеттер планынын долбоору тааныштырылып, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бекитилди. Муну менен катар Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун алкагындагы форумдун ишине кеңештин мүчөлөрүнүн ролу жана катышуусу талкууланды.

Талкуу учурунда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова лидер аялдарды окутуу боюнча жасалып жаткан иш-аракеттерге токтолду.

"Аялдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү максатында жакынкы арада 200 айымдар окуудан өттү. Алардын арасынан 120 аял окууну ийгиликтүү аяктап, сертификаттардын ээси болушту. Окуу учурунда алар кошумча гендердик теңчилик, климаттын өзгөрүшү жана башка маселелер боюнча маалыматтарды алышты. Айымдар үчүн дагы башка окуутулар уюштурулат.

Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн энеликти мамлекеттик кызмат менен айкалыштырган аялдарды кубатташ керек," - деп кошумчалады ал.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Винера Раимбачаева, Камила Талиева, Сеидбек Атамбаев, "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий