• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алмазбек Атамбаевдин иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул маалыматты Жогорку соттон тастыкташты.

Тактап айтканда, Жогорку соттун соттук коллегиясы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу Атамбаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырды.

Иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Соттон белгилешкендей, сөз кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11,2 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий