• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эмгек министри майыптыкты аныктоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

"Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында МСЭКтердин 25%дан ашыгы керектүү документтерди саламаттык сактоо мекемелеринен онлайн алууда, майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү зарыл", - деди ал.

Жылдыз Полотова ошондой эле МСЭКтин ишинде коррупциянын алдын алууга жана медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басары Кыял Жанузакова жыл башынан бери медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда 21,3 миң чоң киши жана майыптыгы бар балдар кайра текшерүүдөн өткөндүгүн маалымдады. Адатта, жынысы боюнча майыптыктын структурасында эркектер басымдуулук кылат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын арасында айыл жеринде жашаган аялдар көп. Жыл башынан бери биринчи кезекте майып деп табылган балдардын саны 8,6% га азайган. Мында балдарды күбөлөндүрүүгө негизсиз жиберүү учурлары 24,0% га көбөйгөндүгү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий