• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2017-жылы жол эрежелерин бузгандардан түшкөн айып пул 383 млн. сомдон ашты

Коом 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. 2017-жылы жол эрежесин бузгандардан түшкөн айып пул 383 млн. 149 миң. 486 сомду түзгөн. Бул тууралуу КР ИИМнин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча жүрүп жаткан тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Сатыбалдиев билдиргендей, ар кандай айып бузуулар боюнча айып токтотуучу жайга 33 миң 123 унаа токтотулган.

“2017-жылдын 12 айында 4 миң 777 айдоочу жол эрежелерин одоно бузгандыктары үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган”, - деп билдирди ал.

Бардыгы болуп жол инспекторлору тарабынан былтыркы жылы 771 миң. 540 эреже бузуулар аныкталган, бул 2016-жылга салыштырмалуу 12,2% (83 миң. 856) көп.


Пикир

Оставить комментарий