Жаӊы депутаттар Алыбаев менен Исаев ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болушкан Алыбаев Орозбек Артелович менен Исаев Жаныбек Базаркулович ант беришип, өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти. Алар жакында депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Исланбек Сарсеитов менен Нурланбек Кадыкеевдин ордуна келишти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Орозбек Алыбаев менен Жаныбек Исаевди ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий