• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эмгек министри Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ош жана Жалал-Абад облусунун майыптуулугу бар тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин айтымында, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жашаган майыптыгы бар жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу менен алектенет.

"Жыл башынан бери майыптуулугу бар адамдар өткөн жылга салыштырмалуу өз алдынча жүрүү каражаттары, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка каражаттар менен 20% га көп камсыздалган. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого бюджеттен 55,9 млн. сом каралган, кресло-коляскалар жана санаторийлерге жолдомолор акысыз берилет", - деди Жылдыз Полотова.

Жолугушуунун катышуучулары Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин Ош шаарындагы филиалында чоңдор менен майыптыгы бар балдарды реабилитациялоону уюштурууну, коляскалардын жана башка буюмдардын сапатын жакшыртууга көңүл бурууну өтүнүштү.

Жолугушууда медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, майыптуулук фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, майыптуулук тобун аныктоо, майыптыгы бар адамдардын реабилитациядан өтүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолор берилди.

"Министрлик тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптуулук көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө карата мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. МСЭК системасында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана четтетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө МСЭКтердин 25% дан ашыгы адам факторун алып салышты жана бардык зарыл документтерди саламаттык сактоо мекемелеринен онлайн режиминде алууда", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий