• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Эмгек министри Равшан Сабиров Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Дүйнөлүк банктын миссиясы менен "Cоциалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Ведостводон маалымдашкандай, жолугушууга миссиянын өкүлдөрү – долбоордун жетекчиси Ораз Султанов жана тең жетекчиси Марина Новикова катышты.

Долбоор Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты инклюзивдүү, ачык-айкын жана натыйжалуу коопсуздук тармагын түзүү жана калктын бардык катмарлары үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат.

Жолугушууда аз камсыз болгон үй чарбаларын жана эмгек мигранттарын колдоого, социалдык жардамдын даректүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле жарандарды кесиптик өнүктүрүү жана ишке орноштуруу боюнча демилгелерди колдоого багытталган долбоорду ишке ашыруунун принципиалдуу аспектилери талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар долбоордун бекитилген планга ылайык жүрүшүн, ошондой эле аны ишке ашыруунун натыйжалуулугун канааттануу менен белгилешти. Бул тараптар макулдашып кошумча каржылоо катары пайдаланууга ниеттенген каражаттарды олуттуу үнөмдөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Биргелешкен продукт "социалдык контракт"да оң баа алды. Ал аз камсыз үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк табууга мүмкүнчүлүк берет.

Министр Равшанбек Сабиров жолугушуунун жүрүшүндө социалдык кызматтарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда башкы инструмент болуп саналат.

Жыйынтыгында министр жемиштүү кызматташкандыгы үчүн миссиянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. "Долбоор бизге социалдык саясатты ишке ашырууда заманбап мамилелерди киргизүүгө жана жарандардын социалдык колдоо тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Биз Дүйнөлүк банктын азыркы учурда Министрликтин милдеттерин чечүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойногон эксперттик жана финансылык жардамы үчүн ыраазыбыз", - деди ал.

Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү долбоордун алкагында жетишилген прогресске жогору баа беришти жана туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий