• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эмгек министри жөлөк пулдун даректүүлүгүн жакшыртуу ишин күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган коллегияда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун даректүүлүгүн күчөтүү маселеси каралды.

Жыйындын жүрүшүндө министр Жылдыз Полотова жакын арада жакыр болгон үй-бүлөлөргө ар тараптуу даректүү жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

"Бир айлык мөөнөттө аймактар боюнча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын санына, анын ичинде мыйзамдуу дайындоолордун негиздүүлүгүнө сапаттуу талдоо жүргүзүлүшү керек", - деди ал.

Ошону менен бирге ал калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана социалдык контракттын негизинде жардам алган үй-бүлөлөрдү коштоо, турмуштук оор кырдаалдан үй-бүлөлөрдү чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрдин орун басары Кыял Жанузакованын маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-июлуна карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны 270,6 миң баланы түздү. Бул максаттарга республикалык бюджеттин каражаттарынан 6 айда 2 млрд 377,6 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий