• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек шаарында 250 даана көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарында кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын багбандары ийне жалбырактуу көчөттөрдү Чолпон-Ата көчөсүнүн боюна, Тунгуч кичирайонундагы сейил багына, Тынчтык, Чүй проспекттерине, Бишкек баатыр эстелигинин алдына отургузду.

Жалпы 250 даана көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу планы боюнча быйыл борбор калаага 15 миң көчөт тигилет.

Пикир

Оставить комментарий