• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эмгек министри: Жыл башынан бери мигранттардын 40 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы жана кенемтеси алып берилди

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери Россияда иштеген Кыргызстандын мигранттарынын берилбей калган эмгек акысын жана өндүрүштөгү травмасы үчүн кенемтесин алып берүүгө жетишилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ведомствонун кызматкерлери Россияда миграцияда жүргөн 465 кыргызстандыктын 34,9 млн рубль айлык акысын, мындан сырткары, өндүрүш учурунда травма алган 11 жаранга 4,8 млн рубль өлчөмүндөгү кенемте алуусуна көмөктөштү

“Россиядагы биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери үч жыл ичинде 965 жараныбыздын 69 млн рублга жакын айлык маянасын алуусуна жардам беришти”, - деди ал.

Жылдыз Полотова кошумчалагандай, Россиядагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин атайын өкүлчүлүгү тарабынан кыйын турмуштук кырдаалдарга туш болгон жарандар үчүн акысыз турак жай уюштурулуп, укуктук жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий