• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Биринчи май районунун акими жеке маселелер менен кайрылган шаардыктарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев шаардыктарды салтка айланган жеке кабыл алуусун өткөрдү, - деп билдирет Биринчи май администрациялык району.

Маалыматка ылайык, акимге жети жаран акчалай жардам, турак жай жана жер тилкеси маселеси менен кайрылган.

Акимчиликтин ыйгарым укуктарына жана КР мыйзамдарына ылайык, райондук кызматтарга жашоочулардын кайрылууларын тез арада чечүү тапшырмасы берилди.

"Урматтуу Биринчи май районунун жашоочулары! Ар жуманын шаршемби күнү аким Жамалбек Ырсалиев тургундарды кабыл алса, шейшембиде социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Аида Рысбаева, ал эми бейшемби күнү турак жай, коммуналдык чарба боюнча акимдин орун басары Чыңгыз Байсов кабыл алат. Кабыл алууга жазылуу жана толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0(312) 32-51-60", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий