• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Instagram`га караганда “Түндүк” популярдуу болууда – Акылбек Жапаров

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда жарандар Instagram социалдык тармагына караганда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумуна көбүрөөк кирүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жарандардын тутумга кирүүсүнө “Түндүк” аркылуу санарип форматта жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдар боюнча маалымат берилип жатканы себеп болгон.

“Жарандар массалык түрдө айыппулдары бар-жоктугун билүү үчүн системага кире баштады. Трафик көрсөткөндөй, ”Түндүк” тутумуна кирүү көрсөткүчү Instagram`га кирүүгө караганда жогору болууда”, - деп белгиледи Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий