• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Эмгек министри Жылдыз Полотова: Калкка социалдык жардам көрсөтүү күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда учурдагы кызматташуу маселелери талкууланып, келечекте биргелешкен иштин багыттарын аныкташты.

Жылдыз Полотова биринчи кезектеги маселе катары селден жабыр тарткандарга ыкчам чара көрүүнү белгиледи. Өз кезегинде Кожиро Накай бул сунушту колдоду.

"Ноокат, Кадамжай жана Баткен райондорунун тургундарына бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү – каналдарды, көчөлөрдү, көпүрөлөрдү, бузулган үйлөрдү тазалоо, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча иштердин ордуна азык-түлүк жана акча берилет. Бул иштерге 3950 адам жашаган 790 үй-бүлө тартылат, катышуучуларга 72 тонна азык-түлүк жана 84 миң АКШ доллары бөлүштүрүлөт", - деди ал.

Ошондой эле министр муктаж болгон үй-бүлөлөрдү оор абалдан чыгаруу боюнча учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги пландар тууралуу маалымдады.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын турмушун жакшыртуу боюнча киргизилип жаткан чаралар көрүнүктүү натыйжаларды берүүдө – жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик билим берүү менен камтуу өсүүдө, жумушчу орундар түзүлүүдө", - деди министр.

БУУДАПтын өкүлү Кожиро Накай социалдык контракт программасынын катышуучуларын жана бизнес ишмердүүлүк багыттары боюнча потенциалын жогорулатууга муктаж болгондорду коштоп жүрүүнүн маанилүүлүгүн колдоду жана долбоордун алкагында 2024-жылдын экинчи жарымында 1000 каалоочуну окутуу өткөрүлөрүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар муктаж адамдарга социалдык жардамды күчөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу, коомдук иштерге катышуу, окутууга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана көндүмдөрдү өркүндөтүү аркылуу калкты иш менен камсыз кылууну кеңейтүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле социалдык контракттын программасын өркүндөтүп, андан ары жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий