• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги: 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардан жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган фейктерге ишенбөөнү өтүнөт.

"Сураныч, жогорулатылган жөлөкпул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү жарлыктарга шилтемелер менен коштолот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий