• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда "Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары" форумунун облустук этабы аяктады

Коом 0

Бишкек, 08.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 23-марттан 6-апрелге чейин өлкөнүн аймактарында Кыргызстандын жаш ойлоп табуучуларынын арасында "Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык форумунун облустук этабы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага өлкөнүн бардык облустарынан 400дөн ашуун окуучулар жана студенттер катышты. Облустук турдун жеңүүчүлөрү өздөрүнүн аймагынын атынан Бишкек шаарында өтө турган финалдык этапта катыша алышат.

"Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык форуму – бул Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы жыл сайын Кыргызстандын окуучулары жана студенттеринин техникалык билимдери жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн өткөргөн иш-чара. Анын тарыхы 1998-жылы башталган, ал эми 2023-жылдын апрель айында форум өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт.

"Иш-чаранын актуалдуулугу жыл өткөн сайын артууда, себеби ал экономиканын өнүгүүсү үчүн маанилүү багыттар боюнча өтүп келет: робототехника, айыл чарбасындагы инновациялар, прибор жасоо, энергия үнөмдөө жана IT-технологиялар", - деп айтылат маалыматта.

Бул жылы мааракелик "Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык форуму Бишкек шаарында 25-28-апрель аралыгында өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан, Россия, Беларусь, Казакстандан, Өзбекстандан, Армения, Азербайжан, Түркия жана Индиядан жаш ойлоп табуучулар келип катышат.

Форумдун салтанаттуу ачылышы 25-апрелде №1 "Ала-Арча" Мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий