• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте канализация казып жаткандарды топурак басып калып, бири каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.23. /Кабар/. Бишкекте канализация казып жаткан эки адамды топурак басып калып, бири каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайы, кечээ, 8-апрелде Ленин райондук Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номерине кабарланган.

Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Ошол жерден 1992-жылы туулган К. Б. уулуказа таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий