• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Эмгек министрлиги: 39 кыргызстандык иштөө үчүн Түштүк Кореяга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте 39 кыргызстандыктан турган кезектеги топ жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Түштүк Кореяга жөнөтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • маданияттар аралык түшүнүшүү, Кореянын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу;
  • социалдык ченемдер;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • кореялык коомчулукка жакшы аралашууга жана кабыл алган тараптын жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө жардам берүүчү каада-салттар.

Аталган программанын алкагында борбор 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча Кореяга жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң АКШ долларына барабар айлык алышат.

Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:

  • тамак-аш;
  • химиялык өнөр жай;
  • кагаз өндүрүү;
  • пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.

Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий