• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сот Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган 3 медиктин доо арызын канааттандырды

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Сот Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда бошоткон үч медиктин кызматын калыбына келтирди. Мындай чечим Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды.

Ошентип, Айнура Акматова, Гүлмира Ибраеванын жана Азамат Жумалиевдин КР Саламаттык сактоо министрлигине карата буйруктарын мыйзамсыз деп таануу, мурдагы кызматын калыбына келтирүү, мажбурлап иштен чыккандыгы үчүн эмгек акысын өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доо арызы канааттандырылды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылы 27-майда чыккан №126, 127, 128 буйруктары мыйзамсыз деп табылды.

- .А.Б. КР Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси кызматына;

- А.А.Б. КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси кызматына;

- И.Г.А. КР Саламаттык сактоо министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы болуп калыбына келтирилди.

Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинен доогерлердин пайдасына мажбурлап иштен чыккан мезгили үчүн эмгек акы өндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий