• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги: 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аймактар боюнча бөлүштүргөндө, ал төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 585 үй-бүлө,
  • Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө,
  • Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө,
  • Нарын облусу – 820 үй-бүлө,
  • Талас облусу – 915 үй-бүлө,
  • Чүй облусу – 821 үй-бүлө,
  • Бишкек шаары – 101 үй-бүлө,
  • Ош облусу – 2422 үй-бүлө,
  • • Ош шаары – 95 үй-бүлө,

Министрликтен белгилешкендей, социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий