Эмгек министрлиги: Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат.

"Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий