• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги Enactus менен биргеликте жаштарды санариптик технологияларга үйрөтөт

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана "Энактас Кейджи Тимс" коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Документтин максаты - жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик технологияларды колдонууга басым жасоо менен иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, потенциалды жогорулатуу аркылуу жаштарды өндүрүшкө тартуу боюнча биргелешкен иш-чаралар.

Кызматташуу жаштарды ишке орноштурууга, жаштардын ишкердүүлүгүн жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө, жаштар менен кесиптик багыттагы ишти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.

Жашыл экономика принциптерин жана санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен "социалдык контракт" программасынын алкагында жаштардын ишкердигин, анын ичинде калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын арасында өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү иш-чараларын да камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий