• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Эмгек министрлиги менен Майлуу-Суу лампа заводу жарандарды ишке орноштуруу жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Эмгек министрлиги менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова менен заводдун жетекчилигинин жолугушуусунда маалым болду.

«Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын директору Виктор Ляховец билдиргендей, завод мамлекеттин карамагына өткөндөн бери 2021-жылга салыштырмалуу 15,9 миллион лампа көп сатылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 280,7 миллион сомго көп киреше алып келди.

Анын айтымында, былтыртан бери кызматкерлердин эмгек акысы 40%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 20,5 миң сомду түзөт. Эмгек акы фонду жалпысынан 2021-жылдагы 256,3 миллион сомдон 2022-жылы 333,1 миллион сомго чейин өстү.

«Эмгек шарттарын талкуулоо учурунда «МСЛЗ» ААКда учурда окуу борбору жок экени белгилүү болду. Министрлик заводдун жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушсуз жарандарды андан ары ишке орноштуруу менен окутуу үчүн лампа заводунун окуу борборун ачууну сунуштады. Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу алкагындагы кызматташуу талкууланды», - деди Наргиза Туркебекова.


Маалымат үчүн:

«Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарлардын тизмеги:

— 25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары;
— 200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары;
— 25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары;
— Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары;
— 40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары;
— 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар;
— Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары);
— Айнек жиптеринен жасалган ровинг;
— Айнек жиптеринен жасалган фибра.

Пикир

Оставить комментарий