• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда жыл башынан бери 97 адам Мекендеш макамына ээ болду

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Өткөн жылдын март айынан тарта Кыргызстандын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери мекендеш макамын алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул "Мекен-карт" макамы Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүнү жана калууну, билим берүү жана медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана башка көптөгөн нерселерди камсыз кылат.

Арыздарды кароо мөөнөтү жалпы тартипте 3 айга жакын жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 1,5 айды түзөт. Эгерде Кыргызстандын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты айдан ашпаган убакыт өтсө, чет өлкөлүк жарандар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.

Эскерте кетсек, "Мекен-карт" иштей баштагандан бери 187 арыз кабыл алынып, анын ичинен 150 арыз канааттандырылган. Алардын ичинен үстүбүздөгү жыл башынан бери – 97 арыз кабыл алынды

Пикир

Оставить комментарий