Эмгек министрлигинде адам сатууга каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Бишкектеги "Винрок Интернэшнлдин" адам укуктары, билим берүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери боюнча кеңешчиси Ольга ДиПреторо баштаган делегация менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча министрликтин ишинин маселелери көтөрүлүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жана министрлик кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу маселелеринде Winrock International компаниясынын кошкон зор салымы белгиленди.

Тараптар 2024-жылга карата биргелешкен пландарды талкуулашты, ошондой эле адам сатуунун жаңы тенденцияларына, чакырыктарына жана коркунучтарына токтолушту.

Министрдин орун басары өз сөзүндө адам сатууга каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын биргелешкен ишинин маанилүү ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн кызматташууну күчөтүү зарылчылыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий