• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эмгек министрлигинин бюджетинде 150 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. 2022-жылга карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын натыйжасында жалпы суммасы 149 млн 944 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар, ошондой эле республикалык бюджеттин жоготуулары жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган. Бул сумманын 43 млн 876 миң сому (жалпы бузуулардын 29,2%) эмгек акыны эсептөө жана төлөө бөлүгүнө туура келет.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 2 млн 151 миң сом суммасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, алардын ичинен аудиттин жүрүшүндө 295,6 миң сом калыбына келтирилген. Атап айтканда:

– акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары, уурдалышы 1110,6 миң сомду түзгөн. Аудиттин жүрүшүндө 268,0 миң сом калыбына келтирилип, 738,5 миң сом боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

– каражаттарды чыгымдоодо эреже бузуулар жана кемчиликтер 1 млн 145 миң сомду түздү, анын ичинде:

– 72,5 миң сом суммасындагы иш сапарына кеткен чыгымдарды негизсиз эсептен чыгаруу, анын ичинен 27,6 миң сом калыбына келтирилген;

– 61 миң сом суммасында ырастоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу;

– 1 млн 11 миң сом суммасындагы бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу.

Ал эми бюджетке кошумча чегерилген кирешелери (бюджетке которулуучу ижара акы) 264 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, 147 млн 528,7 миң сом суммасындагы бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталды, анын ичинде:

– 20 млн 352,7 миң сом суммасында бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоо.

– 43 млн 876,2 миң сом суммасындагы эмгек акыны төлөөдө мыйзам бузуулар.

– башка резервдер жана бюджеттин жоготуулары 83 млн 299,8 миң сом суммасында.

7 млн 460,9 миң сом суммасында рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталды, анын ичинде:

– товардык-материалдык баалуулуктардын жана эсептөөдөгү каражаттардын ченемден тышкары запастары жана дебитордук карыздар 2 млн 717,6 миң сом суммасында;

- жылдын аягында бюджеттик мекемелерде накталай бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары 4 млн 743,3 миң сом суммасында.

Пикир

Оставить комментарий