• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 23-сентябрда КР ИИМдин Борбордук аппаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков коомдук кеңештин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжаевди тааныштырды.

Андан соң коомдук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо, калкты укуктук жактан камсыздоодо салымдары чоң экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле бүгүнкү күндө милициянын ишмердүүлүгүндө негизи принциптерди бири бул ачык-айкындуулук менен коомчулукка жакын болуу экендигин айтып өттү.

"Башкысы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши натыйжалуу иштеп жатат жана жарандар үчүн милиция кызматкерлеринин ишин ачык кылып, өлкөдөгү коррупцияны жоюу жана коопсуздук деңгээлин көтөрүүгө жардам берүүдөсүздөр. Бирок Коомдук кеңештин жигердүү аракети менен мунун баарын жасоого болот деп ишенем", - деп айтты Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов ИИМдин Коомдук кеңеши ар дайым милиция кызматкерлерине жардам берип, жарандык коомдун деңгээлин жогорулатууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий