• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Эмгек министрлигинин кызматкерлери финансылык сабаттуулукка окутулду

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банктын машыктыруучулары тарабынан уюштурулган финансылык сабаттуулук боюнча окутуудан өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, министрликте финансылык сабаттуулук боюнча окутуу тажрыйбасы бар.

"Бүгүнкү күндө министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ишкердик менен алектенүүгө стимулдаштырууга багытталган бир катар программаларды ишке ашыруунун алкагында финансылык инструменттер менен тыгыз байланышта иштейт. Биринчи кезекте кеп БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "социалдык контракт" жана "эмгек үчүн азык-түлүк" долбоорлору жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле кайтып келген эмгек мигранттарына жардам берүү үчүн "бизнес жүргүзүүнүн негиздери" курсу иштелип чыкты", - деди ал.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык максаттарды коюу, финансылык пландарды жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, кредиттер жана депозиттер боюнча өз билимдерин кеңейтишти. Окутууну өткөрүүдө интерактивдик методдор, эсептөө, кырдаалды талдоо менен практикалык көнүгүүлөр аркылуу колдонулду.

Пикир

Оставить комментарий