• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Эми бажы төлөмдөрүн "РСК банк" аркылуу каалаган учурда төлөөгө мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Эми бажы төлөмдөрүн "РСК банк" ААК аркылуу накталай эмес онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын алдын ала болжолдоо жана эсепке алуу бөлүмунүн башчысы Айзада Халикова билдирди.

Анын айтымында, бажы төлөмдөрүн онлайн төлөө бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.

"Биз "РСК банк" менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргиздик. Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн "РСК банктын" интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет", - деди ал.

Халикова белгилегендей, бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"РСК банк" башкармалыгынын төрагасынын орун басары Медет Таиров кошумчалагандай, "РСК банктын" мобилдик тиркемеси аркылуу бажы төлөмдөрүнүн эки түрүн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, ага ылайык кардарлар "аванс бажы төлөмдөрүн" жана "бакет белгиси боюнча бажы төлөмдөрүн" онлайн төлөй алышат.

"Учурда кызмат "РСК банктын" кардарларына гана жеткиликтүү жана таптакыр бекер. Мындай учурда төлөм бажы кызматында дароо көрсөтүлөт. Бул долбоор бажы төлөмдөрүн төлөөнү жөнөкөйлөтүү жана бажылык тариздөөнү тездетүү максатында иштелип чыкты", - деди ал.

МБКнын инженердик-техникалык тобунун долбоорлорунун координатору Урмат Мекишов маалымдагандай, жакында 1240 кыска номери менен бажы кызматынын колл-борборун ишке берүү пландалууда. Ал аркылуу бажы төлөмдөрдү төлөөчү физикалык жана юридикалык жактар кайрылып, керектүү маалыматта ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий