• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

"Кыргызстандын "Tez Jet" авиакомпаниясы "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алып, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий