• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нурадил Баясов Түркияда өткөн “Izmir AgroExpo 2022” айыл чарба көргөзмөсүнө катышты

Коом 0

Бишкек. 04.02.22. /Кабар/. КР инвестициялар министринин м.а. Нурадил Баясов Түркиянын Измир шаарында өткөн “Izmir AgroExpo 2022” айыл чарба көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нурадил Баясовдун 17-ирет өтүп жаткан көргөзмөнүн башкы уюштуруучулары, "ORION FUARCILIK" компаниясынын президенти Фатих Тан жана вице-президенти Ырмак Тан менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба багытындагы экспорт потенциалы боюнча маалымат берилип, келечектеги кызматташтык жөнүндө сөз болду. Кийинки жылдагы айыл чарба көргөзмөсүнө кыргыз тарабына акысыз негизде орун бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда Н.Баясов уюштуруучулардын коштоосунда аталган көргөзмөнү көрүп чыгып, түрк өндүрүшчүлөрүн Кыргызстанга чакырды.

Буга жооп иретинде "ORION FUARCILIK" компаниясынын вице-президенти жакынкы аралыкта делегация менен Кыргызстанга келерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий