• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Данилов: Аймактагы кырдаалдын коопсуздугу үчүн интеграция зарыл

Коом 0

Бишкек, 17.05.21 /Кабар/. Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Коомдук ишмер, саясат таануучу Павел Данилов доклад жасап жатып Кыргызстанды интеграциялык бирикмелерден ажыратууну каалап жатышкандыктарын билдирди. Анын пикиринде, бул кырдаалды, анын ичинде экономикалык абалды начарлатуу үчүн жасалып жатат, өз кезегинде бир нерсе болуп кетсе, адамдар бир тыйын үчүн күрөшүүгө барышы үчүн жасалууда.

“Эгерде кандайдыр бир күмөн саноолор болсо, Украинаны караш керек. Элдин күнүмдүк жашоого каражаты жок, ошондуктан алар согушууга чыгат. Бул себептердин бири. Мындан тышкары, Кыргызстан мамиле кылган башка өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, анда республика Россия менен мыкты мамиледе. Биз бул жерден сиздердин товарларды, сиздердин адамдарды, ишкерлерди көрүүдөбүз. Кыргызстандыктардын Россиянын саясатына барган учурлар дагы бар. Интеграция жүрүүдө жана эч качан токтогон эмес. Интеграция жөн гана керек эмес, ал жүрүүдө. Региондогу туруктуу жашоого кызыкдар тарап гана Кыргызстандага ар кыл тармактын өнүгүшүнө жардам бере алат. Азыр бул Россияга гана пайдалуу”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий