• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Быйыл 5G технологиясын сыноо түрүндө ишке киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 5G технологиясын сыноо түрүндө ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Талант Калыков билдирди.

Анын айтымында, 5G станциялары ден соолукка зыяны жок экендиги далилденген.

“Ал эми 4G байланышы бардык жерде сапаттуу иштебей жатат. Учурда кызмат көрсөтүү тармагында анализ жүргүзүүдөбүз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий