• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эми бишкектиктер “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу коммуналдык төлөм жүргүзө алат

Коом 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин жаңыртып, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн кошумча кызматтарды кошту.

Мэриядан билдиришкендей, тиркеменин жаңы версиясында колдонуучулар автобустардын жана троллейбустардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп гана тим болбостон, коммуналдык кызматтарга тез жана коопсуз төлөм төлөй алышат.

Тиркемеге “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы, “КУЭТ” ААК, “Бишкекжылуулукэнерго”, “Тазалык” жана “Бишкексууканал” ишканасы сыяктуу кызмат көрсөтүүчүлөр интеграцияланган. Бул жашоочуларга газ, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана таштандыларды тазалоо үчүн эсептерди түзмө-түз бир нече баскыч менен төлөөгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле “Менин шаарым” MegaPay, KICB, O!Деньги, Элсом жана Айыл Банк төлөм кызматтарын колдой тургандыгы айтылды.

Мындан сырткары тиркеме көрүүсү начар колдонуучуларга автобустардын жана троллейбустардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген “Көрүүсү начарлар үчүн транспорт” функциясы менен да толукталгандыгы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий