Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Эми камсыздандыруу полистерин “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы камсыздандыруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Ага ылайык, эми жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында камсыздандыруу полистерин (ОСАГО жана ОСЖ) төлөй алышат. Бул өз кезегинде процессти кыйла жөнөкөйлөтөт жана жарандар үчүн камсыздандыруу кызматтарын кыйла жеткиликтүү кылат.
Белгиленгендей, меморандумда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү жагы да каралган.
Пикир
Оставить комментарий