• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк.» ортосундагы мамилелерде Акылбек Жапаров кандай роль ойногон?

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кумтөр Кыргызстандын эң ири алтын кени болуп эсептелет. 1992-жылы «Камеко» канадалык компаниясы менен КРнын биринчи президенти Аскар Акаевдин ортосунда макулдашууга кол коюлгандан тартып, анын ишмердиги чыр-чатактар менен коштолуп турду. Чыңалуу абалы бүгүн да сакталып турат.

Канадалык компания Кумтөрдө иштеп баштаганда, Кыргызстан 1993-жылы негизделген «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» акцияларынын 67%на ээ болгон. Муну менен бирге канада тарап менен болгон макулдашуулар боюнча 1997-жылдан баштап, Кыргызстанга компаниядагы 100 пайыз үлүштү өткөрүп берүү процесси башталышы керек болчу. 2007-жылга карата бул процесс аякташы керек эле. Бирок, муну болтурбаш үчүн канадалык компания долбоорду реструктуризация кылып, «Центерра Голд Инк.» түзүүнү сунуштайт.

Кызыгы, жаңы макулдашуу боюнча Кыргызстан «Кумтөр Оперейтинг Компанидеги» 67% акциялардын ордуна «Центерра Голд Инкте» болгону 33% алып калган. КРдин мындай төмөн үлүшүн негиздөө үчүн «Центерра Голд Инк.» өкүлдөрү атайылап Кумтөр кениндеги алтындын запастарынын көрсөткүчтөрүн азайтышкан.

Президент Аскар Акаев «Камеконун» шарттарына көнгөн, ал эми «Кумтөр Оперейтинг Компанини» реструктуризация кылуу боюнча жумушчу топто бардыгы эле макул боло берген эмес.

Президенттин жарлыгы менен топтун курамына депутат Акылбек Жапаров кирген. «Камеко» жана «Центерра Голд Инк.» экөөнүн сунушун карап чыгып, ал өзгөчө пикир билдирген. Анын билдиришинче, реструктуризациянын жана Кыргызстандын «Центерра Голд Инк.» компаниясына акционер катары киришинин натыйжасында республиканын үлүшү 80%дан кем эмес болушу керек эле. Өз пикирин ал Кумтөр кениндеги реалдуу запастары жана аны иштетүүнүн күтүлгөн кирешеси менен түшүндүргөн.

Бирок маселе эбак чечилип, жумушчу топтун презентациялары жана ишмердиги формалдуу эле болгону көрүнүп турду.

Абалга таасир эте албай калганын түшүнгөн Жапаров жумушчу топтун курамынан чыгып, сүйлөшүүлөргө андан ары катышуудан баш тарткан. Парламенттин депутаттарынын демилгеси боюнча, «Центерра Голд Инкти» түзүүгө түздөн-түз тыюу салуу тууралуу маанилүү документтер кабыл алынган. Парламенттин биринчи токтомунда бул компанияны түзүү максатсыз экени, экинчисинде компанияны парламенттин гана макулдугу менен түзүүгө болоору так жазылган.
Буга карабастан, 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн жыйынында Макулдашуу кабыл алынган.

Кийин, 2005-2006-жылдары Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп калган. Ошол кезде комиссиянын башка мүчөлөрү менен ал 2003-жылдын 31-декабрында чынында өкмөттүн жыйыны болбогонун, ал эми «Центерра Голд Инк.» түзүү чечими сурамжылоо жолу менен жасалганын, бул КР мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелерин далилдей алган.

Мындан тышкары, өкмөт компанияны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырган имиш мезгилинде жаңы компаниянын пайда болушуна тоскоол эткен мыйзам чыгаруу кеңешинин эки токтому бар эле.

Буга карабастан, 2004-жылдын 4-январында ошол кездеги юстиция министри Курманбек Осмонов бул компаниянын түзүүсүнө тыюу салган бир дагы нормативдик-укуктук акт жок экенин билдирген. Ушундай шарттарда Кыргызстан 33% үлүшкө ээ болгон «Центерра Голд Инк.» түзүлгөн.

Кызыгы, компаниянын Торонтонун фондулук рыногуна чыгуусунун алгачкы эле күнү өлкөнүн жетекчилиги 84 млн АКШ долларга акциянын бир бөлүгүн сатып жиберүү чечимин кабыл алган. Ошентип, республика компаниядагы 15% акцияга гана ээлик кылып калган.

2006-жылы канадецтер менен кайрадан Кыргызстандын «Центерра Голд Инкте» болгон үлүшүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр башталган. КР үчүн пайдалуурак шарттарды түзүү аракетин ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Данияр Усенов көргөн. Ал акциялар пакетин 6.5%га көбөйтүүгө жана бюджетке 20 млн АКШ долларын төгүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок жаңы шарттарды колдогон өкмөт мүчөлөрүнүн добуштары жетпей калган. Ошондо канадецтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кайрадан КР финансы министринин кызматын ээлеп турган Акылбек Жапаровго тапшырышты.

Ал Кыргызстанга «Центерра Голд Инкте» 33% гана акциялардын берилиши адилетсиз болгонун далилдей алганын белгилеп кетүү керек. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошол кезде дагы 53% акцияларга ээ болгон «Камеко», КРге 17% баалуу кагаздарды өткөрүп берүү ниетин билдирди. Бирок бул дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн талаптарына жооп берген эмес.

Мындан ары кызматташуунун 4 жолу сунушталган, болбосо «Центерра Голд Инк.» менен бардык макулдашуулар жокко чыгарылмак. Кыргызстандын компаниядагы үлүшүн 52%дан 67%га чейин жогорулатуу, компаниянын дүң кирешесинен 12% өлчөмдө салык салынып, ал жыл сайын улам 1 пайызга көбөйтүлүп, 14%га чейин жеткирүү жана материалдык-сырье базасына 4 пайыздык салык киргизүү шарттары коюлду.

Жапаров КРдин үлүшүн 52%га чейин жогорулатуу боюнча сүйлөшүүгө жетишкен. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын парламенттин отурумунда айтып берүүгө даярданып жаткан. Бирок презентация болор күнү көпчүлүк коалициясы чогулбай койгон. Жыйын башка күнгө жылдырылып, бирок парламенттин өзүн өзү таратып ийгенине байланыштуу ошо бойдон болбой калган. Жапаровду финансы министри кызматынан алышып, экономикалык өнүгүү жана соода-сатык министри кылып дайындашкан, бирок эң башкысы Кумтөр боюнча бардык андан аркы сүйлөшүүлөрдөн четтетишкен.

Кийинки эки жыл ичинде канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү Максим Бакиев жана Алексей Елисеев көзөмөлдөшкөн. Натыйжада Кыргызстан «Камекодон» кошумча 17% алып, Жапаров жетишкен компаниянын дүң кирешесинен 12% өлчөмдө салык салуу жана материалдык-сырье базасына 4 пайыздык салык киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү сактоого мүмкүн болду.

Кыргызстан жана «Центерра Голд Инк.» ортосундагы дал ушул жана башка макулдашууларды аткарууга акыркы жумаларда мамлекеттик комиссиянын иши багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыктары азырынча ачыкка чыгарыла элек, бирок комиссия мүчөлөрү «Кумтөр Голд Компанинин» ишиндеги көптөгөн салыктык жана экологиялык бузууларды таба алышканы коомчулукка ачыкталып жатат.

Мамкомиссиянын курамын Акылбек Жапаров жетектегени да кызык. Бул жолу ага тоскоол кылышпаса, ал ишти аягына чейин чыгарып, Кыргызстандын «Центерра Голд Инк.» менен болгон кызматташуусундагы тарыхый адилеттикти орното алат деп ишенели.

Пикир

Оставить комментарий