• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектин мурдагы мэри президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мурдагы мэри. Ал 2022-жылдын 24-февралынан, 2023-жылдын 31-октябрына чейин мэрлик кызматты аркалады. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий