• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош мэринин орун басары жана кеңешчиси ээлеген кызматтарынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ош шаарынын мэринин орун басары Жасур Азимов жана мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров ээлеген кызматынан бошотулушту. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Белгилей кетсек, Азимов жана Зулпукаров ээлеген кызматтарынан берген арыздарынын негизинде бошотулулган.

Пикир

Оставить комментарий