• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эмки жумадан тарта кан тапшыруу акциясы старт алат

Ден соолук 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Эмки жумадан тарта “Кан тапшыр – жашоо белек кыл” акциясы башталат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24нөн 28-сентябрга чейин КР Улуттук кан донорлорунун күнүнө арналган акция болот.

Акция Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) өтөт, майрамдын салтанаттуу бөлүгү 28-сентябрга саат 13:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий