• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде 160 доза кан препараттары алынды. Жетишсиздик жок - ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Азыркы учурда Баткенде 160 доза кан препараттары алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КР саламаттык сактоо министринин медициналык жардам уюштуруу боюнча орун басары Улан Садыров билдирди.

Анын айтымында, башында жетишсиздик болуп аткан, азыр андай жок.

"Дары-дармек боюнча дагы көйгөй жок. Алыскы аймактарга – айылдарга логистика жагынан кыйынчылыктар бар, бирок биз бул маселени чечип жатабыз. Күн сайын дары-дармек алып, операциялык бөлүмдөрдү күчөтүп жатабыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Тажикстандын кол салуусунан 134 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болду, арасында балдар бар.

Пикир

Оставить комментарий