• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Соцтармакта фейк аккаунттар чек ара боюнча жалган маалыматтарды таратууда

Кырсык 0


Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Соцтармакта фейк аккаунттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратууда. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР УКМК акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, кандайдыр бир жол менен фактыларды тескери бурмалап, Кыргызстанды терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда. Алар Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын пайдаланып, чек арадагы чыр-чатак боюнча жалган фейк маалыматтарды таратууда.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Алардын арасында “Саатбек Эгамбердиевдин” атынан жазылган аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок.

КР УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий